Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Үч жыл ичинде Бишкекте 22 жаңы конуш, Чүйдө 42 айыл газдаштырылат


Бул тууралуу “Газпром-Кыргызстан” ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев кыргыз өкмөт башчысы Темир Сариевге маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтуусунда, учурда Бишкек шаарында узундугу 1089 чакырым газ түтүкчөсү колдонулуп, 169 миң үй жана имарат газ менен камсыздалган. 2019-жылдын аягына чейин дагы 33 чакырым газ түтүкчөсү курулуп, 40 миңден ашык үй жана имарат газ менен камсыздалат. Мындай жол менен алдыдагы үч жыл аралыгында “Газпром-Кыргызстан” 36 миллиард рубль жумшап, 2019-жылга чейин Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагынын 69,7 пайызын газдаштырууну максат кылууда.

"Мунун алкагында Бишкектеги 22 жаңы конуш жана Чүй облусундагы 42 айыл жаратылыш газы менен камсыз болмокчу. Муну менен катар өлкө аймагындагы газ түтүкчөлөрү жаңыртылат",- деди Болот Абилдаев.

Премьер-министр болсо өлкө түштүгүн үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу милдетин “Газпром-Кыргызстан” ишканасы моюнуна алганын, бул багытта бир катар долбоорлор ишке ашарын журналисттерге билдирди.

“Газпром-Кыргызстан” компаниясы Кыргызстандын газ инфраструктурасын өнүктүрүүгө 100 миллард рубль салууну убада кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG