Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:20

KFC “куурулган келемиш” боюнча кечирим суроону талап кылууда


Жайдын башында социалдык тармактарда KFC дүйнөдөгү белгилүү тез тамактануу тармагы тооктун эти деп куурулган келемишти сатып жатат деген маалымат сүрөтү менен пайда болгон. Эми KFC көз карандысыз экспертиза “тоок этинин ордуна келемиш сатылат” деген маалымат тараткан кардардын калпычылыгын көрсөттү деп бекемдөөдө.

Компания өкүлүнүн сөзү боюнча, кардардын адвокаты атайын адистерге шектүү азыкты текшерүү үчүн берген. Алар өз кезегинде этти көз карандысыз лабораторияга жиберишкен. Эттин ДНКсын аныктаган экспертиза азык тооктун этинен жасалганын аныктаган. Ушундан улам KFC кардардан компаниянын беделине шек келтирүүчү калпы үчүн кечирим суроону талап кылууда.

Ал эми Калифорниянын тургуну Деворайз Диксон тоок этинен жасалган азыктын ордуна ага кутуда куурулган келемиш алып келишкенин бекемдөөдө. Диксон Наггетс келемиштен экенин түшүнгөнчө бир тиштем үзүп алууга жетишкенин да айтууда. Ал муну сүрөткө жана видеого тартып алып, социалдык тармактарга жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG