Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:47

Бекназаров Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу президентке кайрылды


Кайрылууда 1916-жылкы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн көз карандысыз коомдук-саясий комиссия бир айдан бери иштеп жатканы айтылып, аталган комиссия жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы 11-августта Барскоондо болуучу жалпы элдик курултайда жарыяланары белгиленген.

Азимбек Бекназаров ошондой эле Үркүндүн 100 жылдыгын өткөрүүнүн расмий күнүн 2016-жылдын 11-августуна коюуну сунуштап, муну 1931-жылы 11-августта Кыргыз АССРнин өкмөт башчысы Жусуп Абдрахманов 1916-жылкы окуянын 15 жылдыгын биринчи жолу өкмөттүк деңгээлде Фрунзеде өткөргөнү менен байланыштырган.

Ошондой эле кайрылуу ээси Үркүндү иликтеген коомдук-саясий комиссия 1916-жылкы окуянын 100 жылдыгына карата президенттин жарлыгында көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүдө өкмөт менен бирге алып барууга, көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

Мындан тышкары кайрылууда Үркүн сыяктуу окуялар кайра кайталанбасы үчүн, кыргыз элинин улуттук-патриоттук аң-сезимин бекемдөө, мекен, жер, улут, боштондук, эркиндик деген түшүнүктөрдүн баасын көтөрүү, ыйыктыгын эстен чыгарбоо максатында ошол 1916-жылдары, андан кийинки мезгилдерде эл тарабынан жаралган фольклор, ал окуянын катышуучулары болушкан, изилдешкен айрым акын-жазуучулар, саясатчы, окумуштуулар тарабынан жазылган көркөм жана публицистикалык чыгармалардын атайын жыйнагын кыргыз өкмөтү менен Улуттук илимдер академисы биргеликте 2015-жылдын 1-сентябрына чейин чыгаруу сунушталган.

Азимбек Бекназаров жетектеп турган кезде, 2006-жылы "Асаба" партиясынын демилгеси менен Ысык-Көл аймагындагы Үркүндө Кытайга качып баратып, каза болгон кыргыздардын сөөк калдыктары чогултулуп, жерге берилген. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG