Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Осмоналиев: Оорукчан балдар үчүн бакчаларда 70% баланын дени сак


Кыргызстандагы оорукчан балдар үчүн ачылган бакчаларда тарбияланып жаткан наристелердин дээрлик 70 процентинин дени сак. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, бул системадагы коррупциялык схемалар аныкталып, ата-энелер 30-40 миң сом пара берип балдарын орноштуруп жатканы белгилүү болууда. Ал эми чынында эле оорулуу балдар үчүн орун жок.

Депутаттын билдиргенине караганда, өлкөдө 50гө жакын атайын бала бакча бар.

Билим жана илим министрлиги бул боюнча өз комментарийин бере турганын маалымдады. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG