Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Депутаттар газ кымбаттайт деген кабарга тынчсызданууда


Эгер жаратылыш газы кымбаттай турган болсо эл арасында жакшылыкка алып келбейт. Мындай пикирин бүгүн парламент жыйынында депутат Бакыт Шаршеев билдирди.

Кечээ «Газпром Кыргызстан» компаниясы кыргыз өкмөтүн көгүлтүр отундун баасын кымбаттатууну суранып жатканын ишкана жетекчиси Болот Абилдаев билдирген болчу. Анын айтымында, тарифти өндүрүш өзүн өзү актай тургандай кылып этап-этабы менен, он жыл ичинде ай сайын 3-5% көтөрүү керек.

Кыргыз өкмөтү "Кыргызгаз" ишканасы карызга батып кетти деген жүйө менен аны Орусиянын "Газпромуна" 1 долларга 2014-жылы сатып жиберген болчу. Натыйжада "Газпром Кыргызстан" ишканасы түзүлгөн. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG