Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:55

Атамбаев келечекте талап күчөй турган адистиктерди атады


Жакынкы келечекте Кыргызстанда агрардык өнөр жай, энергетика, туризм жана курулуш тармагы боюнча адистерге талап күчөйт. Мындай пикирин бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте мектепти мыкты аяктаган бүтүрүүчүлөр менен жолугушууда айтты.

Мамлекет башчы Кыргызстанда ири долбоорлор ишке ашырылып, өлкө транспорттук хабга айланып жатканын кошумчалады.

Бүгүн президенттин колунан "алтын сертификат" жана 10 миң сомдон сыйлыкты Бишкектин 54 мыкты бүтүрүүчүсү алды.

Ошондой эле аймактардагы мектепти мыкты бүтүрүп, жалпы республикалык тестирлөөдөн көп упай алган 16 улан-кызга баалуу белектер тапшырылды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG