Кыргызстанда атайын медициналык жүйөсүз боюнан алдыргандарды жазалоо сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев билдирди. Долбоор авторлорунун дагы бирөө - депутат Турсунбай Бакир уулу.
Алардын пикири боюнча социалдык маселелерден улам бойдон алдыруу жүйөлүү себеп эмес жана бала түйүлдүк болуп жаралгандан баштап жашоого укуктуу.
Жазалоо иретинде 1,5-2 миң сомго чейин айыппул системасын киргизүү сунушталууда.
Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылына 20 миңден ашуун аборт жасалат. Соңку 5 жылда мындай операция жасаткандардын саны өскөн. Көбү 30 жашка чейинкилер. (AiJ/RK)