Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Өзбекстан мечиттерде да иптар өткөрүүгө тыюу салды


Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына Ташкенттеги «Имам Бухари» мечитинин өкүлдөрү кабарлашты. Бийликт кабыл алган чечимге ылайык эми өлкө боюнча бир да мечитте ооз ачуу өткөрүлбөйт.

Өзбекстандын мусулмандар башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдулазиз Мансур «Азаттыкк» радиосуна билдиргендей, «эч ким мечиттерде ооз ачарлык өткөрүүгө тыюу салган жок, болгону имам-хатибдерге мечиттерде тазалык сактоо үчүн намаздан кийин дароо тарап кетүү сунушу берилген".

Орозо айынын башталышы менен коңшу өлкөдө кафе, ресторанда жана чайканаларда жапырт ооз ачырууларды өткөрүүгө бийлик тыюу салган. Бул эскертүү жарандарга жана коомдук жайлардын жетекчилерине тиешелүү экенин Ташкент шаарынын акими Шухрат Турдукулов эскерткен. Ал муну моралдык туура эмес иш деп, буга диний лидерлердин уруксаты жоктугу менен байланыштырган болчу. Ушундан улам жарандар кээ бир мечиттерде ифтар өткөрүп жаткан.

Мындай тыюулар Өзбекстанда жыл сайын киргизилет. Бийлик расмий түрдө айтпаганы менен муну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат көзөмөлгө алаары маалым. ​(ErN)

XS
SM
MD
LG