Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

АКШ туугандары барымтада калгандарга акча төлөөгө уруксат берди


Чет өлкөдө жакындары барымтада калган америка жарандарына туугандарын куткарып алуу үчүн акча төлөгөндөрдү эми АКШ мыйзамдык жактан куугунтукка албайт. Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама шаршемби күнү бул чечим тууралуу буйрукка кол койгондон кийин билдирди. Президенттин айтымында, бул америкалык жарандарды барымтага алган топторго шарт түзүлдү жана АКШ өкмөтү аларга акча төлөп берет дегенди түшүндүрбөйт.

- Бул чечим чынында чоң коомдук талкуу жаратышы мүмкүн. Бирок жакындары барымтада калган үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө зарыл. Кээде, балким, мындан башка жол жок болуп калган учурлар бар. Бирок эскертип коеюн, муну менен биз террорчуларга эпке келип аткан жокпуз,-деди Обама Ак үйдө сүйлөп жатып.

Президенттин буйругуна ылайык, барымтага түшкөн америкалык жарандарды куткаруу иштерин күчөтүү боюнча мекеме аралык координациялык атайын топ түзүлдү. Бул топту Иликтөө боюнча федералдык бюронун жогорку кызматкери башкарат. Атайын топтун милдети - жакындары барымтага кабылган жарандардын үй-бүлөсүн колдоо жана аларга жардам берүү.

АКШ президентинин ички коопсуздук боюнча кеңешчиси Лиса Монаконун билдиришинче, ушу тапта 30дан ашык америкалык жаран чет өлкөлөрдө барымтада олтурат. «Бул жарандар террорчулардын жана уюшкан кылмыштуу топтордун колунда жатканын» CNN телекомпаниясы өкмөттүн атын атагысы келбеген кызматкеринин сөзүнө таянып жарыялады. (ErN)

XS
SM
MD
LG