Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Грузия менен Уругвай визасыз режим боюнча макулдашты


Грузия жана Уругвайдын тышкы иштер министрлери Тамара Бечурашвили менен Родольфо Нин Новоа эки өлкө ортосунда визасыз режим боюнча макулдашууга кол коюшту. Өлкөлөрдүн расмийлери туристтик жана бизнес тармактарындагы катнашты өнүктүрүү үчүн ушундай чечимге келгенин билдиришти.

Грузиянын башкы дипломаты Латын Америкасындагы сапарында Уругвайдан сырткары Аргентина менен да сүйлөшүү жүргүздү. Керекттүү процедуралар аяктагандан кийин грузиндер Аргентинага да визасыз каттай алышат. Учурда Грузиянын жарандары Бразилияга, Панамага, Колумбияга жана Эквадорго визасыз кирип чыгат.

Грузиянын тышкы иштер министри 25-26-июнда Чили мамлекетинин расмийлери менен да жолугушуп, визасыз режим боюнча келишимге кол коюшу мүмкүн. (ErN)

XS
SM
MD
LG