Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Аманбаев: Парламент акыйкатчыны иштен алууда мыйзам бузду


Жогорку Кеңеш акыйкатчыны кызматтан кетирүүдө мыйзам бузду. Мындай пикирин "Азаттыкка" парламенттин чечими менен бүгүн акыйкатчылыктан алынган Бакыт Аманбаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү чечим Конституцияны жана "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамдын нормаларын бузуу менен кабыл алынды:

- Комиссия түзүп, иликтеп алса деле мен макул болмокмун. Бул институтту жакшыртайын деген ниетим бар болчу, аным ишке ашпай калды. Бүгүнкү чечимди да күн тартибине ачык жазбай, ар түрдүү маселелердин катарына киргизе коюшту.

Жогорку Кеңеште бүгүн Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин жетекчиси Наталья Никитенко КСДП, "Ар-Намыс" жана "Ата-Мекен" фракциялары акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизгенин, бул сунуш комитеттин колдоосуна ээ болгонун айтып добуш берүү болду. 55 депутат макул деп, 17си каршы чыкты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG