Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Венеция комиссиясы кыргыз Конституциясын өзгөртүү сунушуна камтама болууда


Кыргызстандын Конституциясына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр демократия принциптерине, айрыкча бийликти бөлүштүрүү жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына коркунуч жаратат. Мындай пикирин Европанын укук аркылуу демократия үчүн комиссиясы, башкача айтканда Венеция комиссиясы менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары уюму билдирүүдө.

Аталган эл аралык уюмдардын белгилешинче, парламент депутаттарынын иммунитети сакталышы керек, саясий партиялар менен фракциялар депутатты мандатынан ажырата албайт, Жогорку Соттун Конституциялык палатасы сакталып калышы керек.

Ошону менен катар судьялардын ички көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча да сунуштар айтылды.

Белгилүү болгондой, учурда парламентте башкаруучу фракция менен президенттик аппарат демилгелеген мыйзам долбоору талкууланып жатат. Анын максаты - быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүү. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын ыйгарым укуктарына, Конституциялык палатанын статусуна жана судьяларды дайындоого байланыштуу. (RK)

XS
SM
MD
LG