Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Сочиде селден улам калкты эвакуациялоо башталды


Бул тууралуу шаардын мэри Анатолий Пахомов билдирди. Бийликтер ошондой эле деңиз үстүндө куюн болушу мүмкүндүгүн да эскертүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, Адлер районунда жети конуш, Имеретин кварталында 400дөй, Кудепста кыштагында 30дай үй суу астында калды. Ушу тапта Сочиде аэропорттор жабылып, поезддердин кыймылы чектелди. Дарыяда суунун көлөмү жарым метрге көтөрүлүп, көчөлөрдө 60 сантиметрге чейин суу каптады. Жергиликтүү тургундар жарыялаган сүрөттөрдө унаалар суунун астында калып, шаардыктар белден суу кечип жүргөнү көрүнөт.

Акыркы эки күн ичинде Орусиянын Кубаны жана Краснодар шаарларын да сел басып калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG