Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Жогорку Кеңеш Суу кодекси тууралуу мыйзам долбооруна добуш берет


Мөңгүлөрдүн абалы. Профессор Исакбек Торгоевдин сүрөтү.

Мөңгүлөрдүн абалы. Профессор Исакбек Торгоевдин сүрөтү.

Парламент бүгүн Суу кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүү үчүн кезексиз жыйынга чогулат.

25-июнда Жогорку Кеңеште аталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Бул мыйзам долбоору Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүнү камтыйт.

Парламентте бул маселе боюнча буга чейин бир катар талаш-тартыш пикирлер жаралган. Айрым депутаттар бир ишкана үчүн Кыргызстандын келечеги болгон эки мөңгүнү жок кылуу зарыл 'эместигин айтышса, айрымдары мыйзам долбоорун колдоп чыгышкан. Кечээ вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мыйзам долбоору кабыл алынбаса, Кумтөрдүн иши токтойт деп билдирген.

Өкмөт "Суу кодексин" өзгөртүп, мөңгүлөрдү ордунан жылдырууга уруксат алууну көздөөдө. Бирок депутаттар жана экологдор муну менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн башкаларды бузууга да жол ачылат деп кооптонууда. "Ата Мекен" фракциясы өкмөттүн бул демилгесин чыккынчылык деп атоодо. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG