Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

Ак үйдүн маалыматы боюнча Орусия президенти Владимир Путин бейшембиде АКШнын мамлекет башчысы Барак Обамага телефон аркылуу байланышып, Украинадагы кырдаал, ИМ тобу менен күрөшүү тууралуу сүйлөштү.

Америка администрациясынын маалыматына караганда, АКШ президенти Орусиянын президентине Минск келишими боюнча Москва алган милдеттенмелердин аткарылышын эл аралык коомчулук күтүп жатканын баса белгиледи. Алардын ичинде Украинанын аймагынан орус аскерин, курал-жарагын жана техникасын чыгарып кетүү да бар.

Президенттер Сириядагы акыбал тууралуу сүйлөшүп, Ирандын өзөктүк куралы боюнча сүйлөшүүдө “Чоң алтынын” биримдиги жөнүндө да макулдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG