Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

НАТО командачысы: Кремлдин Украинага көксөөсү кана элек


НАТО куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы, генерал Филип Бридлав Орусиядан Украинанын чыгышына жүк ташуу системасынын белгилерин көрүп турганын билдирип, бул Украина чыгышындагы аскердик операцияларды материалдык-техникалык жактан колдоо катары пайдаланышы мүмкүн экенин айтты.

“Орус армиясынын аскердик даярдыгы жогору бойдон калууда. Ал өзүнө берилген кандай гана тапшырма болбосун, аткарууга даяр. Бул Путиндин аймакка болгон көксөөсү кана электигинен кабар берет”,- деди Бридлав бейшембиде альянска бириккен өлкөлөрдүн Брюсселдеги эки күндүк отурумунан кийинки маалымат жыйынында.

Отурумдун катышуучусу, Пентагондун башчысы Эштон Картер Европага сапарында кайрадан түзүлгөн ыкчам аракеттенүү күчтөрүн чалгындоо каражаттары менен камсыздоо чараларын жарыялаган. Евробиримдиктин чыгыш чек арасында жетиштүү өлчөмдө бронетранспортер, артиллерия жана танка түрүндөгү аскердик техника болорун, булар алты бригаданы камсыздай турганын айткан. Картер кесиптештерин “муздак согуш” тууралуу ойлордон арылып, бүгүнкү күндүн талылуу маселесине – киберкоргонууга көңүл бурууга чакырды.

Бейшембиде НАТО Украинанын коопсуздугун абадан коргоо жана байланыш системасы, сапердук жабдыктар менен камсыздоо жаатында кошумча жардамдар кеңейтилгенин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG