Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:27

Ошто 26 жаштагы жаран милициядан жабыркаганын билдирүүдө


26 жаштагы Мансур Туратжанов 24-июнь күнү аны МАИ кызматкерлери автоунаасында кур тагынбай айдап баратканы үчүн токтотушкан. Мансурдун айтымында, сөздөн сөз чыгып отуруп, МАИ кызматкерлери аны тапанчанын кундагы менен башка уруп, кабыргасын сындырышкан. Ал болгон окуяны телефонуна тартып алууга аракет кылганын, бирок МАИ кызматкерлери анын телефонун тартып алып, видеону өчүрүп салышканын айтууда.

Учурда Мансур Туратжанов ооруканада.

Ош шаардык милициясы бул окуя боюнча жабыркаган жарандан арыз түшпөгөнүн, ошентсе да азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдиришти.(YI/ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG