Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

ИИМ: Саясий серепчи туш болгон окуя министрдин көзөмөлүндө


Саясий серепчи Бакыт Бакетаев туш болгон окуяны териштирүү ички иштер министри Мелис Турганбаевдин жеке көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен кабарлашты.

Бакетаевдин айтымында, ал 24-июнда Бишкекте унаасын койгону барып, терезелери бүт караңгыланган "Лексустун" айдоочусунун орой мамилесине кабылган. Окуя видеого тартылып, маалымат агенттиктердин бирине жарыяланган.

- Жөн бараткан жеримен ошондой коркутуу болду. Аны камерага тартып алдым, - деди "Азаттыкка" серепчи.

Бакетаев бул окуя өзүнүн ишмердүүлүгүнө байланыштуубу, жокпу, так айта албасын билдирди.

2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн "Люстрация" элдик кыймылынын мүчөсү Бакыт Бакетаев мамлекеттик структуралардагы коррупция тууралуу оюн ачык айтып келет.

ИИМден кабарлашкандай, "Лексустун" айдоочусу 1987-жылы туулган, эч жерде иштебеген Бишкектин тургуну Нурлан Сүйөркулов экени аныкталды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG