Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Ак-Сууда мектептин мурдагы директору сотто утту


Ак-Суу районунун Челпек айылындагы Магрифа Рахимова атындагы мектеп-гимназиясынын мурдагы директору Дамира Курманова райондук сот анын кызматтан мыйзамсыз алынганын тастыктаган чечим чыгарганын “Азаттыкка” билдирди. Айтымында, соттун чечимине ылайык ал кайрадан мурдагы кызматына коюлушу керек.

Челпек айылынын тургундары буга чейин мектеп директорун мыйзамсыз акча чогултуп, мугалимдерди жумушка алууда пара талап кылды, мектеп имаратынын бир бөлүгүн мал сарайга айландырды деп айыпташкан. 4 айга созулган териштирүүдөн соң айылдык кеңештин чечиминин негизинде райондук билим берүү бөлүмү Дамира Курманованы кызматтан алган.

Бул чечим мыйзамсыз деген жүйө менен Курманова Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Малик Темиралиевди сотко берген.

Темиралиев соттун чечимине макул экенин, убагында мектеп директору менен ата-энелердин чуусу билим берүү тармагына терс таасирин тийгизип, ызы-чуу ырбап кетпесин деген максатта директорду иштен алганын билдирди. (AsA)

XS
SM
MD
LG