Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:00

Ак-Сууда мектеп директорунун чыры уланууда


Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева менен Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсейитов Челпек айылынын мектеп директорун кызматтан кетирүү максатында райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Малик Темиралиевге кысым көрсөтүүдө. Бул тууралуу бүгүн Ак-Суу акиминин орун басары Гүлнара Орозбаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында мектеп директору Дамира Курманова Темиралиевге кысым көрсөтүлүп жатканы тууралуу өкмөткө арыз жолдоп, бүгүн ал жактан маселени териштирүү тапшырмасы келди.

Өкмөт өкүлүнүн орун басары Рита Борбукеева айылдык кеңештин чечиминин негизинде гана райондук билим берүү бөлүмүнө сунуштама берилгенин, эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн билдирди.

Темиралиев өзүнө карата кысым жасалбаганын, бирок облус жетекчилиги “мектеп директору боюнча маселени эртерээк чечкиле” деген тапшырмасы болгонун белгиледи.

Челпек айылынын тургундары буга чейин мектеп директорун мыйзамсыз акча чогултуп, мугалимдерди жумушка алууда пара талап кылды, мектеп имаратынын бир бөлүгүн мал сарайга айландырды деп айыпташкан. 4 айга созулган териштирүүдөн соң айылдык кеңештин чечиминин негизинде райондук билим берүү бөлүмү Дамира Курманованы кызматтан алган. Курманова сотко кайрылып, 25-июнда утуп чыккан. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG