Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

The Guardian: Иштеген энелердин балдары ийгиликтүү болот


Гарвард университетинин бизнес мектебинин изилдөөсү боюнча, иш менен бала багууну айкалыштырган аялдардын балдары чоңойгондо ийгиликтүү келип, иш ордун жана акча табууда энеси үйдө отурган аялдардын уул-кызына караганда тыңыраак болушат. Атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында бир нече өлкөдөгү иштеген балалуу аялдар менен үй кожойкелеринин балдарынын айырмачылыктары аныкталган. Энеси иштеген кыздар чоңойгондо энеси үйдө отургандарга салыштырмалуу 4,5% көбүрөөк жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Гарвард бизнес мектебинин профессору Кэзлин Мак Жиндин айтымында, алар бул изилдөөнү баштаганда таптакыр башкача тыянак күтүшкөн. Окумуштуулар бардык убактысын балдарын тарбиялоого бөлгөн энелердин уул-кызы ийгиликтүү болсо керек деп божомолдошкон.

Бирок апасы иштеген балдардын дээрлик 33% үй жумуш кылганды, башкаруучулук жөндөмдү апасы үйдө отургандарга салыштырмалуу эрте үйрөнөрү аныкталды. Илимий тажрыйбага 2002-жылдан 2012-жылга чейин 24 өлкөдөн бир нече миң адам катышкан. Нытайжада "энеси иштеген балдардын кирешеси АКШда энеси үйдө отургандарга салыштырганда орто эсеп менен 5 миң 200 долларга көп болору белгилүү болду" деп жазат The Guardian. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG