Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Өспүрүмдөр түсү өзгөргөн презерватив ойлоп табышты


Улуу Британияда он бешке толо элек орто мектептин үч окуучусу жугуштуу оорусу бар адамдар кийсе түсү өзгөргөн презерватив ойлоп табышты деп кабарлайт Science басылмасы.

Даниал Али, Муаз Наваз жана Чираг Шах аттуу үч окуучу бала хламидия, сифилис сыяктуу жыныс органдары аркылуу жугуучу дарттарды алдын алыш үчүн ушундай ооруларды алып жүргөн киши кийсе түсү өзгөрүп кеткен презервативди ойлоп табышкан.

Бул эмгеги үчүн алар ар бирине миң фунт стерлингден берилчү Жеткинчектердин техникалык сыйлыгына татышты. (BCh)

XS
SM
MD
LG