Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Ошто үч жылдан бери газсыз отургандар көйгөйү жарым айда чечилмей болууда


Негизги түтүктөрдүн үстүнө турак жайлар курулуп калгандыктан Ош шаардык газ чарба ишканасы 2012-жылы 3 миң кожолукка газ берүүнү токтоткон. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Маалыматка караганда Мамлекеттик резиденциянын айланасындагы "Туран" жана "Төлөйкөн" кичи райондорундагы абоненттер газсыз калган. Алардын катарында Ош шаардык төрөт үйү да бар.

Ош мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы 3 миң абоненттин газсыз калышына жең ичинен жер саткан мурунку жетекчилерди күнөөлөп, эки апта ичинде газ берүүнү калыбына келтирүү убадасын берди. Бул үчүн 1,5 чакырым газ түтүгүн коопсуз тарапка көчүрүшү керек. (YI)

XS
SM
MD
LG