Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Ереванда “Тоноого жол жок” деген аталыштагы акциянын лидерлери бүгүн төрт күн мурда демонстранттарга күч колдонгон полиция кызматкерлери жана аларга буйрук бергендер жазалансын деген талаптар кошулганын билдирди. Акциядагы лидерлердин бири Вагинак Шушаняндын айтымында, мындан сырткары электр энергиясына 2014-жылы киргизилген тарифтерди да кайра карап чыгуу да талап кылынууда. Алардын эсебинде, муну менен тарифти түшүрүүгө карай кадам жасаса болот.

19-июнда башталган Еревандагы нааразылык 23-июнда полиция демонстранттарга суу атып, күчтөп тараткан соң күч алып кеткен. Ошондон бери күн-түн дебей уланып жаткан акцияга күнүнө жок эле дегенде 5-6 миңдей киши катышууда. Алар электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечимин жокко чыгаруу талабы менен шаардын борбордук көчөсүн жаап алган. Кечээ армян өкмөтү алардын талабын аткаруудан баш тарткан.

Армениянын электр тармактарына Орусиянын "Интер РАО ЕЭС" компаниясы ээлик кылат. Тарифти 16 пайызга көтөрүү боюнча жаңы кабыл алынган чечимге ылайык, 1-августтан тарта өлкөдө электр энергиясынын бир киловатт сааты 10 цент, же кыргыз сомуна оодарганда 6 сомдон ашыгыраак акча болот.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG