Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:09

Эстония орус учагы аба мейкиндигин бузушуна нааразылык билдирди


Эстон бийликтери Орусиянын аскерий учагы Балтика деңизинде Эстониянын аба мейкиндигин бузганын айтып чыгышты. Өлкө ТИМинин маалымат катчысы Мари-Лиз Вальтер буга байланыштуу 26-июнда орус элчиси министрликке чакыртылып, ага расмий түрдө нааразылык каты берилгенин кабарлады.

Вальтердин айтымында, 22-июнда Орусиянын Ан-26 учагы өзүнүн учуу планынан четтеп, Эстониянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирип кеткен. Аба мейкиндгин бузуу бир мүнөттөн ашык созулган.

Сөз болуп жаткан арал орус аскер учактары Калининград эксклавына каттоочу тилкеге жакын турат. Балтика боюндагы өлкөлөр орус учактарынын минтип аба мейкиндигин бузуусу бир канча жолу болгонун билдирүүдө. Бул аймакта НАТО менен орус куралдуу күчтөрү аскердик ишмердигин күчөткөн учурга туш келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG