Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Грециянын өкмөт башчысы референдум күнүн жарыялады


Премьер-министр Алексис Ципрас эл аралык кредиторлор менен келишим түзүү боюнча чукул референдум өткөрүү күнүн жарыялады. Ишембиге караган түнү Афинада телеканалдар аркылуу элге кайрылуу жасаган Ципрас референдум 5-июлда өтөрүн айтты. Анда жарандарга “грек эли эл аралык кредиторлордун талаптарына макул болушу керекпи?”,- деген суроо коюлат.

Чет өлкөлүк кредиторлор Ципрастын өкмөтү каржы жагынан реформатордук сунуштарды кабыл алышы зарылдыгын айтып келет. Алар өлкөнү кыйын жагдайдан чыгаруу үчүн үчүн Греция сураган 7,8 млрд. евро насыяны берүүгө макул болгон жок.

Кредиторлор менен мунаса табылбаса, Греция 30-июнда Эл аралык валюта коруна карызынын 1,8 миллиард долларын төлөп бере албай, дефолт абалына кептелери кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG