Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

Караколдо саясий партиялардын жармаңкеси өтүүдө


Жармаңке Каракол шаарындагы драма театрда өтүп жатат.

Жармаңке Каракол шаарындагы драма театрда өтүп жатат.

Каракол шаарында сегиз партия шайлоо алдындагы программаларын элге тааныштырып жатат. Аны БШК менен ЮСАИД жергиликтүү бийликтердин жардамы менен уюштурууда. БШКнын төрага орунбасары Гүлнара Журабаева билдиргендей, жармаңке алдыдагы парламенттик шайлоодо кайсыл партиянын дарамети канчалык экенин байкоого, анализ жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иш-чарада партиялар кара пиар менен алектенбеши зарылдыгы белгиленип, атаандаштарга урмат-сый менен мамиле жасоо зарылдыгы айтылды.

Саясий партиялардын жармаңкеси буга чейин төрт облуста өткөн. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG