Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:55

Тунистеги кол салууга жоопкерчиликти ИМ тобу өзүнө алды


Тунисте 39 кишинин өмүрүн алып, ондогон адамды жабыркаткан кол салууга жоопкерликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул тууралуу топтун Твиттердеги баракчасында жазылган билдирүүгө таянып, эл аралык маалымат булактары кабарлады.

26-июнь күнү деңиз жээгиндеги мейманкананын жанында белгисиз кишилер элге ок чыгарган. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мерт болгондор арасында Тунистин, Британиянын, Германиянын жана Бельгиянын жарандары бар экенин кабарлаган. Кол салуудан кийин бир согушкер өлтүрүлгөн.

Чабуул курорттук Сусс шаарынан анча алыс эмес “Эль-Кантауи” конок үйүнүн алдында болгон. Сусс Түндүк Африкадагы бул өлкөнүн бирден-бир белгилүү курорттук шаары. Ага негизинен Европадан жана кошуна өлкөлөрдөн туристтер келишет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG