Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Ысык-Көлдө 39 тонна кара куурай жок кылынды


Ысык-Көл облусунда 25-26-июнь күндөрү өткөрүлгөн “Мак-2015” операциясынын алкагында 14 гектар жердеги 39 тонна кара куурай жок кылынды. Операция Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда жүргүзүлгөнүн облустук милиция кабарлады. Өнөктүккө аймактагы 642 мамлекеттик кызматкер катышты.

Маалыматка ылайык, дубанда 550 гектарга жакын жерде жапайы кара куурай өсөт.

Жыл башынан облуста маңзаттарына байланышкан 111 кылмыш фактысы аныкталып, ар кандай түрдөгү 120 килограммдан ашык маңзат алынган. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG