Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин артка чакыртып алууну сунуштады


Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталган мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну суранып, парламенттеги көпчүлүк коалициянын башчыларына кайрылды. Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбековдун атына бүгүн жазылган кайрылууда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин дагы бир жолу карап чыгуу сунушу айтылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү Алмаз Үсөнов билдирди:

- Президенттин пикиринде бул жагдай коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратып жатат. Мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт да жетишсиз. Президент маселе олуттуу экендигине байланыштуу аны артка кайтаруу сунушун киргизди.

Парламенттеги башкаруучу коалиция быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп жатат.

Сунушталган өзгөртүүлөр президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын ыйгарым укуктарын кеңейтет. Ошондой эле Конституциялык палатанын статусуна жана судьяларды дайындоого байланыштуу өзгөртүүлөр бар.

Бул демилге бир катар эл аралык уюмдар тарабынан сындалып, демократияга коркунуч жаралары белгиленген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG