Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Жалал-Абад облусундагы Кайырма суу сактагычында бүгүн республиканын түштүк аймагындагы балыкчылардын арасында сынак уюштурулду. Ага 300дөн ашык адам катышып, суу сактагычтан балык уулоо боюнча мелдешти. Жыйынтыгында Базар-Коргон менен Сузактын балыкчылары алдыңкы орунга жетишип, кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Базар-Коргон балык чарбасынын директору Ыквалбек Палванов “Азаттыкка” билдиргендей, мындай сынак балыкчылардын башын бириктирүү максатында 2 жылдан бери уюштурулуп келет.

Кайырма суу сактагычында азыр балыктын сазан, карп, толстолоб сыяктуу түрлөрү багылат. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG