Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Коалиция лидерлери Конституцияны өзгөртүү сунушун артка чакыртып алат


Жогорку Кеңештеги үч фракция лидерлери президенттин өтүнүчү менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жазылган мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге “Ар-намыс” фракциясынын лидери, Баш мыйзамды өзгөртүү сунушун киргизгендердин бири Феликс Кулов билдирди.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушталган мыйзам долбоорун токтото турууну суранып, бүгүн парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн фракция башчыларына кайрылган. Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев жана Чыныбай Турсунбековдун атына жөнөтүлгөн кайрылууда Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесин дагы бир жолу карап чыгуу сунушу айтылат. Президенттик аппараттын басма сөз кызматынын өкүлү Алмаз Үсөнов билдиргендей, өлкө башчынын пикиринде бул жагдай коомчулукта кызуу талаш-тартыш жаратып жатат. Мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн бөлүнгөн убакыт да жетишсиз. Президент маселе олуттуу экендигине байланыштуу аны артка кайтаруу сунушун киргизди.

Парламенттеги башкаруучу коалиция быйыл күзүндө парламенттик шайлоо менен чогуу референдум өткөрүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеген болчу. Өзгөртүүлөр президенттин, премьер-министрдин, депутаттардын ыйгарым укуктарын кеңейтмек. Ошондой эле Конституциялык палатанын статусуна жана судьяларды дайындоого байланыштуу өзгөртүүлөр бар.

Бул демилге бир катар эл аралык уюмдар тарабынан сындалып, демократияга коркунуч жаралары белгиленген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG