Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:51

Британияда коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө жума күнү болгон жардыруулардан улам Британия өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү. Ал тапта бүгүн Лондондо өлкөдөгү эң ири гей-парад уюштурулууда. Ага миңден ашуун ЛГБТ өкүлдөрү катышары кабарланган. Күч кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүп, коомдук абалга көз салууда.

26-июнь күнү Тунисте, Кувейтте, Сомалиде жана Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери кол салууларды уюштуруп, жүздөгөн адам мерт кетти. Ошол күнү Франциядагы суюлтулган газ чыгаруучу заводго да кол салуу болуп, бир адам мууздалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG