Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Украина президенти Петр Порошенко мамлекет чыгышындагы аскерлердин саны 60 миңге чейин көбөйтүлөрүн маалымдады. Бул тууралуу ишемби күнү “Интер” телеканалы аркылуу сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, азыр согуш тутанган аймакта 30 миң өкмөт аскери бар.

Украина бийлигинин маалыматы боюнча, орусиячыл жикчилдердин саны 40 миң чамалуу.

2014-жылдын декабрында расмий Киев мобилизация күчөтүлүп, 20дан 27 жашка чейинки жигиттер армияга чакырыларын билдирген эле.

Быйыл августтан тарта украин аскерлерине Канададан келген 200 машыктыруучу сабак өтө баштайт. Бул боюнча эки өлкө ортосундагы келишимге 27-июнда кол коюлду. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG