Линктер

жума, 20-январь, 2017 Бишкек убактысы 12:14

Ат-Башыда шырдак жана кымыз фестивалдары өтүүдө


Нарындын Ат-Башы районунда республикалык бешинчи шырдак фестивалы өтүп жатат. Райондук администрациядан "Азаттыкка" билдиришкендей, ага жети дубандын уздары келген жана чет элдик жарандар чакырылган. Коноктор арасында Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт өкүлдөрү да бар.

Фестивал Нарын облусун кыргыз элинин улуттук маданиятынын борбору, жүн жана териден жасалуучу кол өнөрчүлүктүн ордосу катары таанытуу максатын көздөйт.

Бул иш-чаранын алкагында кымыз фестивалы да уюштурулган. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG