Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:44

Мушкер Урмат Рыскелдиев Лас-Вегаста жеңишке жетти


Урмат Рыскелдиевдин беттештеринин бири.
Урмат Рыскелдиевдин беттештеринин бири.

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев 27-июнда АКШнын Лас-Вегас шаарында профессионалдар арасында алтынчы беттешин өткөрүп, америкалык Маркус Уиллисти жеңди. ВКВ (Big Knockout Boxing) уюму уюштурган 69 кг салмактагы боксчулардын таймашы “Мандалэй Бей” сайран борборунда өтүп, 5 раунддан кийин калыстар утушту бир добуштан кыргыз мушкерине ыйгарышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Рыскелдиевдин менеджери Жаныш Осмон билдирди.

Урматтын атаандашы афроамерикалык Маркус Уиллис буга чейин 14 ирет жеңишке жетип, 4 жолу утулган.

Урмат Рыскелдиев 2010-жылдан баштап Түштүк Корея өлкөсүндө профессионалдар арасында беттештерге чыга баштаган. 2013-жылдан тарта АКШда беш беттешке чыгып, төртөөнү жеңип, бир жолу атаандашы менен тең чыккан.

2013-жылы негизделген ВКВ (Big Knockout Boxing) уюму уюштурган беттештер классикалык бокс таймаштарынан айырмаланып, бир раунд 2 мүнөткө созулат. Мушкерлер 5 метр тегерек аянтта күч сынашат. Титул үчүн беттештер 7 раунд, жөнөкөй таймаштар 5 раундга созулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG