Линктер

шейшемби, 28-март, 2017 Бишкек убактысы 18:21

"Ысык-Көл 2015" кубогу учун каратэ-до боюнча эл аралык мелдештин ачылуу аземи бүгүн Бостери айылында болду. Турнирге Кыргызстан жана Казакстандан 200го жакын спортчулар катышууда.

Каратэ-до боюнча федерациясынын вице-президенти Талант Нусубалиев билдиргендей, биринчилик үчүн 6 жаштан 18 жашка чейин үч категориядагы кадеттер, балдар жана өспүрүмдөр күч сынашууда.

Эл аралык мелдешти Кыргызстандын каратэ-до боюнча Улуттук федерациясынын облустук бөлүмү Чолпон-Ата шаардык федерациясы менен бирге 3 жылдан бери уюштуруп келет. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG