Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:26

Фергана облусунун Кокон шаарында газ жана электр энергиясына болгон тартыштыкты жабуу үчүн ар бир калктуу конушка 9 миллион сумдан “салык” салынды. Бул акча 3500 АКШ долларына барабар. Мындай чечим шаар акими тарабынан кабыл алынганын, бирок ал расмий эмес, оозеки буйрук болгонун жергиликтүү булактар “Азаттыктын” өзбек кызматына кабарлашты. Акчанын негизги бөлүгү ишкерлерден топтолуп жатат. Активисттер үймө-үй жүрүп, каражат жыйноодо. Азырынча аталган сумманын 10 пайызы гана чогулган.

Кокондогу ар бир калктуу конушта 300дөн 500гө чейин үй бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG