Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Свердлов районунда кара куурай аянты жок кылынды


Бишкектин Свердлов районундагы 2 жарым гектар жерде өскөн жапайы кара куурай жок кылынды. Эки тоннага чукул кара куурай толугу менен өрттөлдү. Бул акция 26-июнда белгиленген Баңгизатына каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулуп, ведомство аралык “МАК-2015” планын алкагында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен биргеликте өткөрүлдү.

БУУ 1987-жылы 26-июнду Баңгизатына каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү катары белгилеген. Анда баңгизатына карата суроо-талапты азайтуу, баңгизатын жок кылуу маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу максат кылынган. (AzK)

XS
SM
MD
LG