Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01

Бишкек-Ош жолунда бензовоз жарылып, бир киши каза тапты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, Бишкек-Ош жолунун 238-чакырымында, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 40 тонналык бензовоз аласалып кеткен. Кырсыктан улам өрт тутанып, жыйынтыгында унаа жарылып, анын кесепетинен бир киши күйүп кетип каза болду. Унаа толугу менен күйүп кеткен.

Каза тапкан жарандын сөөгү Токтогул райондук өлүкканасына жеткирилди. Ушул тапта анын аты-жөнү такталууда. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG