Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Аксы окуясында жабыр тарткандарга жөлөкпул көбөйтүлөт


Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартында болгон окуяларда курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткандарга мамлекеттик социалдык жардам берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Өкмөт алардын акчасын 3700 сомго чейин көтөрүүнү сунуштаган.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, бул жөлөкпул эӊ төмөнкү киреше көрсөткүчүнөн 3 эсе жогору өлчөмдө белгиленүүдө.

Учурда Аксы окуялары боюнча социалдык төлөмдү 31 адам алат. Бүгүнкү күндө социалдык жөлөк пулдун көлөмү айына 2115 сомду түзөт. (AzK)

XS
SM
MD
LG