Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:55

Кыргызстанда соттук териштирүүлөрдүн саны жылдан-жылга көбөйүп жатат


Бул туурасында Жогорку Кеңеште сот тутумунун 2014-жылдагы иши туурасында маалымат берген Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Анын айтымында, 2014-жылы жергиликтүү соттордо иштеген 401 судья 2013-жылга салыштырмалуу 4,6 пайызга көп иш караган. Жогорку Сотто жарандардын 4481 арыз-даттануулары териштирилген.

Мындан тышкары Феруза Жамашева 2014-2017-жылдарга карата сот систамасын өнүктүрүү программасы кабыл алынып, ал ишке аша баштаганын билдирди. Сот системасынын бюджети көбөйүп, материалдык-техникалык база жакшырган.

2014-жылы сот тутумунун бюджети 728 миллион 387 миң сомго бекитилип, ал 888 миллион 273 миң сомго аткарылган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG