Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Премьер-министр күч органдары тирешкен окуяны териштирүүнү тапшырды


Премьер-министр УКМК жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин кызматкерлери катышкан окуяны териштирүү тапшырмасын берди.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Темир Сариев 27-июнда өткөн өкмөт жыйынында күч органдарынын кызматкерлеринин ортосундагы мындай кырдаалдын жаралышы жаман көрүнүш экенин белгилеген. Бул сыяктуу окуяларга жол бергени үчүн өкмөт башчы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мамлекеттик кызматынын төрагасы Бактыбек Ашыровго сөгүш жарыялады. Ал эми коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бусурманкул Табалдиевге түзүлгөн кырдаалды тыкыр иликтеп чыгууну тапшырды. Премьер-министр Темир Сариев иликтөө жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенинин эскертти.

Буга чейин ири суммадагы пара доолап жатат делген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин эки кызматкерин кармоо учурунда күч органдары ортосунда жаңжал чыккан. УКМКнын билдиришинче, бул операция учурунда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш мекемесинин 20 чакты кызматкери тергөө иштерине тоскоолдук жараткан.

Өз кезегинде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бул билдирүүнү көбүртүп-жабыртуу катары баалаган эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG