Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Армениянын "Электр тармактары" ишканасы сатылышы мүмкүн


Электрдин баасына карата Еревандагы соңку нааразылыктардан кийин жана электр тармагын улутташтыруу тууралуу бийликтердин убадасынан улам, “Армения электр тармактарына” ээлик кылган орусиялык “Интер РАО” компаниясы ишкананын акцияларын сатууга барышы мүмкүн.

"Коммерсант" гезити өз булактарына таянып жарыялагандай, “Интер РАО” холдинги бул боюнча армян улутундагы орусиялык бизнесмендер менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Анын ичинде “Ташир” ири бизнес тобунун ээси Самвел Карапетян да бар. Электр өз баасында сатылбаган үчүн “Армения электр тармактар” ишканасы карызга батты, ал эми демонстранттар аны мамлекет төлөп бербесин, баасын көтөрбөсүн деп жатат. Ушундай шартта компанияга жаңы кожоюн табуу кыйын”,-деп жазат басылма.

19-июнда башталган митингди бийлик күч менен таратмакчы болуп, 23-июнда полиция чогулган элге суу чачкан. Бирок ошол эле күнү кечинде акция кайра жанданган. Митинг 28-июнда да уланып, акыркы маалыматтар боюнча митингге 20 миңдей адам жыйналды.

Наарызылыктардан улам өткөн жума соңунда президент Серж Саргсян жарыкка бааны көтөрүү буйругун өзгөртүп, эски жана жаңы тарифтердин ортосундагы айырманы өкмөттүн эсебинен убактылуу жабуу тууралуу чечим чыгарган. Бирок жарандар буга макул болбой, кымбаттатууну биротоло алып салууну талап кылып жатышат. Арменияда 1-августтан тарта электр энергиясынын баасын 16 пайызга көтөрүү чечими кабыл алынган. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG