Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Сирия жана Ирактагы согушка 150дөй казакстандык катышууда


Сириядагы жана Ирактагы «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында согушкерлер, аялдар жана балдар болуп 200гө жакын казакстандык бар экенин казак бийликтери тастыктады.

Мындай билдирүүнү Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Нуртай Абдыкаев Борбор Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн экстремизмге каршы турууга арналган Астанадагы жыйынында билдирди.

Абдыкаев бул жарандар “өзүнүн рухий-нравалык дүйнөсүнөн адашып калганын жана алардын арасында өзүн-өзү өлтүрүүгө да даяр террорчул аң-сезимге ээ адамдар” бар экенин кошумчалады.

Буга чейин Казакстандын күч кызматтары 400гө жакын Казакстандын жарандары Сирия жана Ирактагы согушка катышып жүргөнүн жарыялаган. АКШнын терроризмге каршы борбору болсо, “Ислам мамлекетинин” катарында миңге жакын казак жараны бар экенин билдирген. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG