Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Сирияга кетүүгө аракет кылган кыргызстандык келин кармалды


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Москванын аэропортунда Сирияга кетүүгө ниеттенген 25 жаштагы кыргызстандык аял кармалды. Ал Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун тургуну, үй-бүлөлүү жана эки баланын энеси болгону маалымдалды. Ыкчам маалыматтарга караганда, келинди Мосвадан Хасан аттуу киши тосуп алып, Сирияга жөнөтмөк. Келиндин айтымында, ал төрт жыл мурда динге берилип, намаз окуп жүргөн. Дин жөнүндө маалыматтарды көбүнчө интернеттен алчу.

Соңку кездери ал пикирлештери менен WhatsApp, Скайп жана «Одноклассники» социалдык тармактары аркылуу байланышып турган. Март айында аны менен өзүн эл аралык террористик уюмдун мүчөсү деп тааныштырган Хаттаб аттуу жаран байланышка чыгып, келинди ислам эрежелери менен жашаган мамлекетке чакырган. Бир аз убакыттан соң келин ага макул болуп, Москвага келген. Ал Москва аркылуу Түркияга, андан ары Сирияга кетүүнү максат кылган.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 339. Алардын 50гө жакыны аялдар, 20сы балдар. 40ка жакын киши согушта набыт болгон. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG