Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Талибдердин чабуулунан Гератта 11 ооган жоокери мерт болду


Ооганстандын батыш жагында аскерлер “Талибан” кыймылынын буктурмасына кабылып, атышууда 11 ооган аскери каза тапты.

Күч кызматтары кабарлагандай, коштомо күзөтчүлөр 28-июнь күнү кечинде Герат провинциясындагы Карох участкасында талиптердин ок жаадыруусуна кабылган. Атышуу беш саатка чейин созулган.

Талибдер жылда жасалчу жазгы-жайкы чабуулдарынан улам ооган коргоо күчтөрүнүн жоготуулары көбөйдү.

Былтыр Ооганстандан чет өлкөлүк күчтөр чыгып кеткенден кийин талибдер өкмөткө каршы аракеттерин масштабдуу түрдө жандандырганын адистер белгилешет. “Талибан” кыймылы негизги провинцияларда террордук акттарды уюштуруусун улантып, бир нече райондорду ээлеп алышты. (ErN)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG