Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Мурат Саралиновго орус президентинин медалы жана грамотасы ыйгарылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мурдагы президенти, эмгек сиңирген машыктыруучу, Эркин күрөш боюнча СССРдин спорт чебери Мурат Саралиновго каза болгондон кийин Орусия президенти Владимир Путиндин эстелик медалы жана грамотасы ыйгарылды. Сыйлык анын үй-бүлөсүнө тапшырылат.

Мурат Саралинов үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү 54 жашында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган.

Мындай медалдар Орусиянын жана башка мамлекеттердин жарандарына, спорттук уюмдарга 2014-жылы Сочи шаарында 22-кышкы Олимпиадалык оюндарды жана 11-кышкы паралимпиадалык оюндарды өткөрүүгө салым кошкону үчүн берилген. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG