Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

"Шоро" байке... мекенчил, намыскөй эле


Табылды Эгембердиев "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Табылды Эгембердиев "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Күнү бүгүнкүдөй эсимде, 1995-жылдын жайы эле. Москвадан институттун биринчи курсун бүтүп, каникулга келгем. Ала-Тоону, дос-тууганды сагынып, мүмкүнчүлүк болбосо да бат-бат келгим келип турчу.

Ошондо эл азыркыга караганда чөнтөгү жука, курсагы ач болгону менен, жаңы келген эгемен доорунда, жаңыча ой жүгүртүп, жаңыча жашаганды үйрөнүп, көз карандысыз мамлекет түптөп, кайыптан түшкөн эгемендикти кучагына батыра албай сүйүнүп турган кез эле. Ошол убактарда Ак үйдүн алдына ар кандай кишилер чогулуп, бактын көлөкөсүндө, депутаттардын сөзүн түз эфирдеги радио аркылуу угуп, кызуу талкуулап, чын дили менен коштоп, сүрөп же урушуп талашып эле жатышчу.

Ошондой күндөрдүн биринде, дарактын бутагына илинип турган радио кабылдагычты тегеректеп, демейдегиден көп киши чогулуп калыптыр. Эфирде сүйлөп аткан депутаттын сөзүнө аябай берилип, арбалышып, катуу таасирленип, кээ бир жерлеринде кол чаап да жиберип атышты. Мен дагы жакын келип тыңшай баштадым, сүйлөп жаткан Дооронбек Садырбай агабыз экен. Жанымдагылардын баарынын оюндагысын таап айтып атты окшойт, Докебиз сүйлөп бүткөндөн кийин баары шатырата кол чабышып, "Жаша, Доке, бар бол, Доке!" – дешип калпагын көккө ыргытыша кыйкырып, бири-бирин кучактап жатышты.

Ошондой калың сүйүнүчтү, ал жердеги жаркын маанайды бирөөнүн кыйкырыгы бузду: "Эй, келесоолор, эмне силердин жумушуңар жокпу, баарыңар бир үй-бүлөнүн бага турган, тарбия бере турган кишиси болсоңор, бул жерде пиводон тойгончо ичип, депутаттардын сүйлөгөнүнө маашырланып жүрбөй, барып жумушуңарды кылбайсынарбы?" – деп аябай катуу тийди.

Мен ошондо гана радиону тегеректегендердин көбү кызуу экенин байкадым. Жоон топтун ичинен үч-төрт «космонавты» ал кишиге каршы сүйлөп, тап бере башташты.

- Эй Табылды, эмне, ичсек өз пулубузга ичип атабыз, же сен берип атасыңбы бизге тыйынды? Сен максым сатып, биздин эсебибизден байып атасың, бизге бир пиво алып берсең деле жарашат эле.

Тиги көпчүлүктүн кубанычын бузган кара-тору кишинин ачуусу тез экен, ары бурулуп басты дагы кетип баратып: "Эй, баланча, сенин пивоңо төлөгөндөн көрө мынабу кемпирлерге жардам берем", - деп чөнтөгүнөн калың бүктөлгөн акчанын пачкесин алып чыгып, Ак үй алдында китеп сатып отурган орус кемпилерге 5-10 сомдон тарката баштады. Аны көргөн пивокорлор жанале каяша айтып, жаман көрүп аткандарын унутушуп, жапырт эле чуркап барып: "Табыке, бир пиво алып бербесең болбойт", - деп жабыша башташты.

Жанымда менин окуума, кеткен жол киреме тыйын издеп, мага жардам берип жүргөн, белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев бар эле. Ал: "Чурка, чурка, айт дартынды, жардам берип калса ажеп эмес", - деп колуман тартып, жанагы кишини айланчыктаган топту жара сүзүп сүйрөп калды. Дегеле чоочун киши эмес, жакын кишимен акча сурай албаган бала экемин, кара-тору байкенин алдына жеткенде оозуман сөзүм түшүп жалдырап туруп калдым. Замир аке менден сөз чыкпасын түшүндү окшойт, мага колун шилтеп, өзү "Табыке, мына ушундай бир жигит ВГИКте окуйт эле, каникулга келип, кеткенге тыйыны жок жүрөт, билет алганга жардам бере аласызбы?" - деп сурана баштады.

Эл түртүшө арыз-муңун айтып, акча алганга кезеке туруп калышты биздин айланабызда.

- Кайсы бөлүмүндө окуйсуң ВГИКтин? - деп сурады бир аз жибий түшүп.

- Режиссерлук бөлүмдө – дедим үнүмдү акырын чыгарып, жаныбыздагы элден уялып.

- Жол киреге канча тыйын керек?

- 700 сом.

- Ме, эсепте – деди колунда калган акчасынын баарын мага сунуп - канча экен?

- 500 сом экен.

Байке башка чөнтөктөрүнөн болгон акчасын баарын сууруп чыгып, мага берди да, тегеректеп тургандарга алаканын жайып – Бүттү, акча калган жок, жол бошоткула, - деп топту аралап өтүп, Ак үйгө кирип кетти.

Кийин эсептесем туура 700 сом болуп чыкты. Байкенин жок дегенде менин атымды сурабай эле 700 сом берип койгону аябай таң калдырды. Итке сөөк карыз болуп, кыйналып турган кезде байкенин жакшылыгы мени көп азаптардан куткарды ошондо. Аябай ыраазы болдум, мен дагы колума пул киргенде ушинтип бирөөлөргө жардам берем деп, жер менен эмес, булуттарды аралап басып, колум айга, оюм күнгө жеткендей жыргап калдым.

Көп өтпөй Табылды байке ошол кезде мен эң жакшы көргөн "Асаба" гезитинде жарык көргөн макалалардын автору экенин билдим. "Шоронун" ийгиликтери жана байкенин таланттуу ишкерлиги, көрөгөчтүгү биздин өлкөнүн тарыхында, улуттук жүзү бар ишкерликтин пайдубалы болуп көпкө жашайт деген ишеничтемин.

Табылды Эгембердиев "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Табылды Эгембердиев "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Ошондон бери "Шоро байке" деп коём Табылды байкени. Ошол окуядан 13 жыл өткөн соң Шоро байкеми тасмага түшүрсө жакшы болот эле деген ниетим ишке ашып калды. "Манастын төрөлүшүн утурлап" деген даректүү тасмага элдин ар кандай катмарынан, ар башка кесипти аркалаган эл өкүлдөрүнүн үнүн, көйгөйүн, максатын бир тасмага топтоп, жаш кыргыз өлкөсүнүн ошол кездеги портретин эстеликке калтыруу үчүн эл аралап, каарман издей баштагам.

Тасманын идеясы калыптана баштаганда эле, каармандардын бирөө Шоро байке болот деп чечтим ичимден.

Жаңы жолугушуубуз "Супара" этно борборун жаңы куруп баштаган учуруна туура келди. Байке менен жолугуу үчүн бул жолу ошол жакка келдим. Эки-үч тракторду "ары тарт, бери тарт", - деп кыйкыра, чаңга аралашып чуркап жүрүптүр.

Мени көрүп алыстан кыйкырып калды.

- Режиссер сенсиңби?

- Ооба.

- Келинчегиң французбу?

- Жок.

- Мага бир кыргыз менен француздун сүйүүсү жөнүндө кино тарткан режиссер келет деп айтышты. Өзү жөнүндө кино тартыптыр деп айтышып атат.

- Мени менен чогуу француздар иштейт, ошону айтышса керек.

- Сен "Сынган кылычты" тарт, ушуну тартсаң элдин сообуна каласың. Үркүндү тарт, 37-жылды тарт. Курасаванын фильмдериндей деңгээлде тартканга алың жетеби?..

Байкем сүйлөгөн сөзү, башкалардан айырмаланган ою, кылган иши менен кишини бат эле өзүнө тартып алчу. Башынан өткөн окуяларын укмуш чебер айтып берер эле. Эски жазган макалаларын эстеп, мактап, көркөм тасмага сценарий жазып бер деп да канча кыйнадым байкеми...

Жазмак! Жазмак... Жараткан бир аз өмүр берсе.

Байкени тасмага тартып жүрүп, бир топ убакыт жакындан сүйлөшүп калдым. Кээде түнү-күнү артынан жүрүп тарттык. Туулуп-өскөн жерине, айылына чейин барып тарттык. Кыйналып өстүргөн ата-энесин айтып, жашып кеткен убактары да болду.

Табылды Эгембердиев жубайы Жаңыл менен "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Табылды Эгембердиев жубайы Жаңыл менен "Манастын төрөлүшүн утурлап" даректүү тасмасында

Бирок канчалык көп сүйлөшсөм, ошончолук ишенимим, сыймыктануум артып отурду. Тарткан нерселерибиздин көбү тасмага кирбей калган, буйруса дагы бир 20 жылдан кийин ошол даректүү тасмамды улантып тартып, анан дагы бир чыгарылышын көрсөтөйүн деген ниетим бар эле…

Тасма бүткөндөн кийин да, Ала-Тоого келген сайын учурашып, Жаңыл жеңебиздин чайын ичип, чер жазыша сүйлөшөт элек. Көбүнчө күлкүлүү нерселерди айтып берчи эле. Аябай маанайы жарык, өзү жаркын киши эле. Анан бир дагы Шоро байкем каза болуп калат ойлонбоптурмун. Суук кабарды АКШда жүрүп окудум. Ошондон бери байке эсиме көп түшөт. Байкенин каза болгону чоң жоготуу экенин түшүнүп, билип турсам да, эч ишене албайм! Кайгырып отуруп эле, кайра кызык сөздөрү эске келип жылмая баштайсың.

Анан бир окуя эсиме түштү.

- Ай бери кел, бир укмуш окуя айтып берем, Абдыкерим Сыдыков жөнүндө окудуң беле? – деп кайрылып калды бир жолу. Байкем кээде кечээ айткан окуясын бүгүн кайра кайталап айтып калчу.

- Кечээ эле айтып бербедиңизби – дедим ансыз деле аз убакытты текке кетирбейин деп.

- Эмне, сен мени келесоо болуп калды деп атасыңбы, кечээ айтсам жакшы көңүл койбодуң, бүгүн дагы айтып көрөйүн, укпасаң эртең дагы айтам, мындай киши жөнүндө айткандан чарчабайм. Ушул кишидей намыстууларды, мекенчилдерди убагында элибиз коргой, сактай албай калган, - деди.

Уялып калдым. Ушинтип тамаша аралаштыра кээде чымчып да койчу.

Байкени акыркы сапарга узатып атканда, маркумдун тажиясында молдонун «кандай киши эле?» - деген суроосуна калың эл "жакшы киши эле, жоомарт эле, эмгекчил эле, чыгаан эле" деп үн чыгарганына күмөнүм жок. Бул суроо мага келгенде, байкемин ошондогу өзүнүн сөзү менен - намыстуу эле, мекенчил эле - деп үн кошмокмун! Көзү барда айтылчу көп сөздөр айтылбай калды.

Мага окшоп сиздин жардамыңыздын убайын көргөн миңдеген адам бүгүн сизге ыраазычылык билдирип, жакындарыңыз менен бул чоң жоготууну тең бөлүшүп кайгырып турабыз. Ошондой эле Жаңыл жеңеге, балдар-кыздарына, Жумадил байкеге мен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн жана ата-энемдин атынан көңүл айтып, кайгыңыздарды тен бөлүшөбүз.

Алыста жүрүп тажияңызга бара албай калдым. Сиз кеткенден бери кырк күндөй убакыт өтүптүр. Ушул эскерүү кыркылыгыңызда мүрзөңүзгө коюлган гүл болсун!

Шоро байке, кош болуңуз!

Нурбек Эген, кинорежиссер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG