Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

"Чет элдик агент жөнүндө" мыйзам долбоору күзүндө каралат


Жогорку Кеңештин депутаттары "Чет элдик агент жөнүндө" мыйзам долбоорун күзүндө карамай болушту.

Аталган мыйзам долбоорду депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова иштеп чыккан.

Алар өз демилгесин мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүп келет. Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары «чет элдик тыңчы» катары каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчет берип турууга тийиш.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү буга чейин мыйзам долбоордун биринчи окуудан жактырылганына тынчсызданып, муну жарандык коомго сокку катары баалап чыгышкан. Эми бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш дагы эки окууда талкуулайт. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG